• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Украина быйыл Евровидение сынагына катышпайт

Дүйнө 0

Бишкек, 28.02.19 /Кабар/. Украина быйыл Евровидение сынагына катышпайт. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук телерадиокомпаниясы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, буга улуттук тандоонун жеңүүчүлөрү эл аралык сынакка катышуудан баш тарткандыгы себеп болгон.

Алгач улуттук тандоодо жеңүүчү деп табылган ырчы Maruv (чыныгы аты Анна Корсун) Евровидениеге Украинанын атынан барбай турганын билдирген. Ал көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун жогорку бааларына ээ болгон.

Бирок уюштуруучулар менен коомчулук ырчы Украина «агрессор өлкө» катары тааныган Орусияда концерт берип жүргөнүн айтып чыгышкан.

Улуттук тандоодо экинчи жана үчүнчү орун алган Kazka жана Freedom-jazz топтору дагы Евровидениеге катышуудан баш тартышкан.

Андан соң Brunettes shoot Blondes тобу Украинанын атынан сынакка катышпай турганын билдирген. Топтун мүчөлөрү бул чечимин улуттук тандоодо төртүнчү гана орун алып калышканы менен түшүндүрүшкөн.

Украина «Евровидение» сынагын 2016-жылы утуп алган. Анда сынакка өлкө атынан крымдык татар ырчы Жамала катышкан. 2017-жылы Киевде өткөн Евровидениенин финалына Орусиянын ырчысы Юлия Самойлова катыша алган эмес. Анда аннексияланган Крымда ырдагандыгы үчүн анын Украинага кирүүсүнө тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий