• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Улуу улустун атасы (2-бөлүк)

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Көк куполдуу мавзолей

Жучу каза болгондон кийин Улуу талаада, Улуу-Тоо өңүрүндө келишимдүү мавзолейи тургузулду. Мавзолейдин маңдайында Жучу ордосу деген жер бар. Каракеңгир суусунун жээгинде жайгашкан Жучу хандын мавзолейи портал-күмбөз түрүндө курулган. Куполу көк түстөгү глазур менен жабылган, бышкан кыштар менен тургузулган. Ж.Смаиловтун жетекчилиги менен Жучу хан күмбөзүндө жүргүзүлгөн казуу иштеринин жүрүшүндө чийки кирпичтер менен салынган конуштардын орду аныкталган.

Улуу-Тоо өңүрүндөгү бул мавзолейлер тууралуу алгачкы маалымат XVI кылымдагы Хафиз Таныштын «Шараф-наме-и шахий» аттуу эмгегинде кездешет. Аталган тарыхый чыгармада 1552-жылдын жазында Бухара эмири Абдалланын Улуу-Тоого жасаган жүрүшүндө ушул Жучу хан мавзолейинин маңдайындагы сарайга токтогону жазылган.

Жучу хан мавзолейи тууралуу академик Каныш Сатбаев «Доисторические памятники в Джезказганском районе» аттуу илимий макаласында: «Баскагыл тоосунун оң жагында, Кеңгир суусунун жээгинде бышкан кыштан тургузулган, куполдуу, төрт бурчтуу эски үч мавзолей сакталып калган. Мавзолейдеги кыштын формасы менен көлөмү «алтынор­до стилине» жакын. Эл арасындагы аңыздарга таянсак, бул мавзолейлер Алаша хан, Жучу хан жана атактуу композитор Домбаулга таандык экен» деп жазат.

Андан кийин 1946-жылы академик Алкей Маргулан Жучу хан мавзолейинде биринчи болуп археологиялык казуу жумуштарын жүргүзөт. Мавзолейдин ичи казылганда эки кабырдын бар экендиги аныкталган. Биринчи кабырдан темир мыктар менен бекитилген жыгач табыттын калдыктары табылган. Андан ары казылганда кабырдын түбүнөн адамдын үстүңкү жагы жок баш сөөгү чыккан. Эң кызыктуусу, сөөктү жыйнаганда бир колдун жетишпей калгандыгы аныкталган. Кабырга орто жаштардагы эркек адам көмүлгөн. Кабырдан жапайы жаныбарлардын сөөктөрү, төөнүн баш сөөгү, булгаарынын үзүндүсү, бөз жана туу табылган. Аты аталган аалым кабырга жапайы жаныбарлардын сөөктөрүнүн коюлушуна көңүл коюп, бул факты «Жучуну аң уулап жүргөндө жапайы куландар тээп өлтүргөн деген тарыхый маалыматтарды кубаттайт», – деген. А. Маргулан кабырдан табылган археологиялык артефактыларды, аңыз-уламыштарды жана жазма даректердеги маалыматтарды салыштырып келип, бул мавзолейдеги кабырлар Жучу хан менен анын аялдарынын бирине тиешелүү деген чечимге келет. Айрым аңыздарда Жучу хан кабырга бир колу жок коюлган деп айтылса, башка аңыздарда Жучунун тек бир колу, башкача айтканда, «Жучу хандын чыпалагы» коюлган делет. А.Маргулан мавзолейди 1228-жылы, маркумудун ашына чейин тургузулган деп эсептейт.

Археолог Ж.Смаилов мавзолейдин тургузулуш жылы тууралуу: «Өзбек хан тушунда Алтын Ордодо ислам дини гүлдөп, мамлекеттин расмий динине айланган. Ошол мезгилде Жучу уругу ата-бабаларына арнап мавзолей тургуза башташты. Ошолордун биринчиси Жучуга арналса керек. Кийин мында Жучунун урпактарынын бири көмүлгөн болушу мүмкүн» деген божомолду сунуштайт.

Окумуштуулардын арасында мавзолейдин тургузулган жылы боюнча ар түрдүү пикирлер болгону менен архитектуралык түзүлүшү Карахан доорунун архитектуралык эстеликтерине окшош экендигин байкайбыз. Күмбөздүн жогорку жагынын купол түрүндө орнотулушу чыгыш, ислам үлгүсүндө жасалганын көрсөтөт. Бул мавзолейде жүргүзүлгөн казуу иштеринде табылган тарыхый-маданий мааниси жогору табылгалардын бири – арап тамгалуу текст жазылган плита оюбузду тастыктайт. Бул фактылар мавзолей тургузулган мезгилде Алтын Ордодо ислам дининин кеңири таралганын көрсөтөт. Аалымдар археологиялык, архитектуралык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыгы боюнча аталган мавзолей Жучуга арналып тургузулган деген кесене Жучуга арнап тургузулган деген жыйынтыкка келишти. Биздин оюбузча, бул мавзолейди Жучунун уулу Берке хан салдырган болуш керек. Тарыхчы Жүзжани Берке хан тууралуу «Жучу хандын уулу Берке согуштук жүрүш маалында мусулман жеринде туулган экен. Берке төрөлөр алдында Жучу аялына мындай деген экен: «бул уулду мусулман эне баксын, киндигин мусулман кессин, Берке мусулмае энени эмип чоңойсун, ал мусулман болуп өссүн». Эгер бул айтылгандар чын болсо, Алда Жучуга тозок отун жеңилдетсин. Албетте, бул бата менен Берке чоңоюп, эр жеткенде мусулман болот. Ал заман 658 хижра жылы (1259 – 1260). Жучудан калган мусулман өкүмдар ушул» деп жазган экен. Бул маалымат бизди Жучу доорунде эл исламга кире баштады деген ойго түртөт. Жучунун бир баласынын атынын Мухаммед болушу да оюбузду тастыктайт. Демек ислам динин кабыл алган Берке өз атасын мусулмандарды салты менен көмүшү толук мүмкүн.

Аңыздын түбү – Алаша хан

Жучу хан мавзолейинен 30 чакырым алыстыкта Алаша хан мавзолейи орун алган. Бул мавзолей Жучунун атасы Чыңгыз ханга арналып туругузулган деген элдик легендалар менен катар илимий изилдөөлөргө негизделген карама-каршы пикирлер көп айтылат. Мавзолей порталдуу купол түрүндөгү архитектуранын үлгүсү. Анын күмбөзгө кирген каалгасы арка түрүндө жасалып, адеми ою менен кооздолгон. Кирпичти коюу методу, чыгыш үлгүсүндөгү фасады, андагы ою-чиймелердин бардыгы Орто кылымдарга таандык салттуу архитектуралык өзгөчөлүктү керсөтөт. Мавзолейдин композициялык түзүлүшү, кооздолгон куполу, оймо-чиймелүү кирпичтери, чыгыш үлгүсүндөгү каалгасы Орто кылымдардагы Карахан доорунда кеңири каралган архитектуралык курулуштарды эске түшүрөт. Жучу хан менен Алаша хан мавзолейлеринин архитектуарлык түзүлүнтөрү бири-бирине окшош.

Алаша хан мавзолейин биринчи болуп изилдеген окумуштуу, академик К.Сатбаев эл оозундагы аңегемелерге таянып: «Алаша хан дегенибиз – бул XVI кылымда бийлик жүргүзгөн Хакназар хан» десе, А.Х. Маргулан бул мавзолейдин композициялык түзүлүшүн Мервтеги Санжар султан менен Кермандагы Мир-Саид Бахромдун (X – XII кк.) мавзолейлерине окшош экендигин белгилеп, Алаша хан мавзолейи монгол дооруна чейин тургузулган деп эсептейт. 1946-жылдары Г.Г. Герасимов мавзолейдин архи­тектуралык өзгөчөлүктөрүн Орто кылымдарга таандык башка күмбөздөр менен салыштырып, аталган мавзолейди усталар XIII кылымдын экинчи жарымында тургузган деп жыйынтык чыгарат.

Мавзолейдин убакыт менен жаан-чаачындан тозгон кирпичтери, эскирген куполу, чыгыш үлгүсүндө салынган фасады, сегиз кырдуу дубалы, жалпы архитектуралык стили байыркы доорго сүйрөйт. Мавзолейдин архитектуралык түзүлүшүнүн археологиялык өзгөчөлүктөрү менен эл жадындагы аңыз-аңгемелер менен салыштыра келгенде Алаша хан мавзолейинин Жучу мавзолейи менен бир доордо салынганы байкалат. Алаша хан мавзолейинин алдынан табылган кирпичте үч буттуу төрө тамгасы кездешет. Н.Базыл­хандын пикири боюнча бул тамга Берке хандын тамгасы менен окшош. Берке хан (1209 – 1266) доорунда Алтын Ордодо ислам дини кеңири тарлаганы белгилүү. Жучу менен Алаша хан мавзолейлеринде табылган арап жазуулу плита жана төрө тамгасынын Берке тамгасы менен окшош болушу аталган мавзолей Берке бийликте турган жылдарда тургузулган деген жыйынтыкка келүүгө шарт түзөт.

Амир Темир Кожо Ахмет Йесеви мавзолейин тургузуудан мурун анын устаты Арстанбабка мавзолей салдырганы тарыхта белгилүү. Ошол сыяктуу, биздин оюбузча, алты Алаштын атасы, мамлекеттин урааны эсептелген Алаша хан мавзолейи Жучунун легендарлуу Ашина, байыркы даректердеги Абулжа-Алынша хандан баштап, Алаша-Чыңгыз ханга чейинки бүткүл бабаларына арналып, символикалык максатта салынган болушу мүмкүн.

Жучу хан менен Алаша хан – казак тарыхынын башында турган баатырлар. Улуттун борбору Улуу-Тоо аймагындагы улуу хандын ыйык мавзолейи – бул элдин улут атасына көргөзгөн, кылымдардын элегинен өткөн сый-урматынын өчпөс далили. Ошондуктан Жучу менен Алтын Ордого тиешелүү урматты көргөзүү – парзыбыз. Бул өңүттөн алганда, Алтын Ордонун 750 жылдыгынын алдында Жучу атындагы бир көчөнүн болбошу, ага арналган бир айкелдин тургузулбашы мамлеттүүлүгүбүз үчүн чоң айып деп ойлойбуз. Ошону менен катар ушул маарекелүү жылы Жучу хан, Алаша хан мавзолейлеринде комплекстүү түрдө археологиялык, этнографиялык изилдөө иштерин колго алып, «Ордо Базар» шаары менен «Жучу Ордосун» аныктоо кажет деп эсептейбиз. Табылган археологиялык артефактыларды өтө кылдат изилдеп, мавзолейге көмүлөгөн баатырдын антропологиялык келбетин кайта калыбына келтирүүгө болор эле. Мавзолейдеги тамгалар менен жазууларды тарыхый, тилдик өңүттөн изилдеп, реставрация жана консервация иштерин да жүргүзүү керек. Илимий жыйнактарды чыгарып, белгилүү аалымдардын катышуусу менен конференцияларды өткөрүү иши да Алтын Ордо изилдөөлөрүн жаңы бийиктиктерге чыгарат. Ушундай фундаменталдуу иштерди ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында баштаган Эл аралык Түрк академиясы бул ишти жүзөгө ашырууга даяр.

Алтын Ордонун улуу тарыхы менен Жучу хандын баатырдыгы туурасында фильмдер тартылса деген тилек бар. Келечекте жолдорду түздөп, ашкана, конок үйлөрдү эл аралык стандартка ылайыктап, туристтик багыт колго алынса, Президент К.-Ж.К. Токаевдин Кайрылуусунда айтылгандай, белгилүү баатырды сыйлап келүүчүлөрдүн саны көбөйө түшөрү анык.

Президентибиздин Улуу-Тоого болгон сапары көптөн бери ойдо жүргөн ушул тилектердин орундалышына түрткү болот деп ишенебиз!

Дархан Кыдырали,

Эл аралык Түрк академиясынын президенти, профессор.

Пикир

Оставить комментарий