• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ысык-Атада УКМКнын райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

Коом 0

Бишкек, 24.08.23. /Кабар/. Ысык-Ата Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы имарат УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда салтанаттуу түрдө ачылды.

Ошондой эле аземге президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев, башкармалыктын өздүк курамы жана КР улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.

Жаңы имарат кызматкерлердин иштөөсү үчүн керектүү шарттар менен толук түзүлүп жана бардык заманбап талаптарга жооп берет.

Ташиев кызматкерлерди куттуктап, УКМК кызматкерлерине мындан ары да республиканын бардык облустарында жана райондорунда өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн шарттарды түзө берерин айтты.

Ошондой эле Ташиев актуалдуулукту эске алуу менен коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча чараларды ишке ашырууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал президент Садыр Жапаров тарабынан Кыргызстанда коопсуздукту камсыз кылууга жана мыйзамдуулукту чыңдоого багытталган милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий