• 87.86
  • 93.94
  • 1

Ысык-Көл облусунда браконьерликке каршы күрөш күчөтүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 22.08.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда браконьерликке каршы күрөш күчөтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, КР президентинин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын жана Ысык-Көл облусунун аймагында балык запастарын жана облустун экосистемаларынын биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоону камсыз кылуу, браконьерликке каршы күрөштү күчөтүү, жаратылыш ресурстарын коргоонун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тескеме чыгарды.

Ага ылайык, жумушчу топ түзүлүп, браконьерликке каршы күрөштү күчөтүү, жаратылыш ресурстарын коргоонун эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана облустун экосистемасынын биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоону камсыз кылууга багытталган комплекстүү иш-чара бекитилди.

Иш тез жана тоскоолдуксуз жүргүзүлүүсү үчүн 10 тонна күйүүчү май бөлүнүп берилди, эми тиешелүү кызматтар күн сайын рейдге чыгып, аткарылган иштер боюнча ар жуманын дүйшөмбү күнү саат 9:00дө президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына отчет берип турушмакчы.

Пикир

Оставить комментарий