• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ысык-Көл облусунда эскирген электр зымдары жаңыланууда

Коом 0

Бишкек, 14.09.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда эскирген алюминий зымдарын заманбап СИП зымдарына алмаштырылып, реконструкция иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, реконструкциянын алкагында авариялык абалдагы эски жыгач мамылар жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылууда.

Учурда Каракол, Чолпон-Ата шаарларында жана Түп районунун Балбай, Түп, Сары-Тологой айылдарында, Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында СИП зымдыран орнотуу иштери кызуу жүрүүдө.

Алдыда Балыкчы шаарында жана Тоң, Жети-Өгүз райондорунда СИП зымдарын орнотуу иштери башталат.

Белгилей кетсек, СИП зымдары терс табигый факторлорго туруктуу келет. Катуу шамаалда электр энергиясынын кыска туташуусуна жана үзгүлтүккө учурашына алып келбейт. Изоляцияланган зымдар кардын топтолушуна, муздун тоңуп калышына азыраак дуушар болушат.

Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 364 чакырым СИП зымдары орнотулат. Бүгүнкү күндө 122 чакырым СИП Зымдары орнотулуп бүттү.

Алдыда 242 чакырым СИП зымдарын ушул жылдын ноябрь айына чейин орнотуп бутуу пландалууда:

- Каракол шаары - 59,7 чакырым;
- Чолпон-Ата шаары - 36,3 чакырым;
- Балыкчы шаары - 26 чакырым;
- Тоң району - 20 чакырым;
- Ак-Суу району - 30 чакырым;
- Жети-Өгүз - 25 чакырым;
- Түп району - 45 чакырым.

Пикир

Оставить комментарий