• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ысык-Көлдөгү аскердик тик учактын кыйрашына күнөөлүүлөр жазага тартылат – Коопсуздук кеңеши

Коом 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы аскердик тик учактын кыйрашына күнөөлүүлөр жазага тартылышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

“Тик учак эмнеге максаттуу эмес колдонулуп, кырсыкка учураганы боюнча күнөөлүүлөр жазага тартылышат”, - деди Сагынбаев.

Анын айтымында, Аскер прокуратурасы ичинде экипаждын 5 мүчөсү, 10 жаран болгон тик учактын кыйрашы боюнча кылмыш ишин козгогон. Аталган факт боюнча экспертиза жакында даяр болот.

Эске салсак, 9-июлда Ысык-Көл облусундагы Түштүк Эңилчек аянтчасында Аба коргоо күчтөрүнүн тик учагы кырсыкка учураган. Капталдан урган катуу шамалдан улам конуу алдында тик учак сол капталына кыйшайып калган. 4 адам жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий