• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Өзбекстан Кыргызстандын айыл-чарба продукцияларын импорттоого кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 04.12.18. /Кабар/. Өзбекстан Кыргызстандын айыл-чарба продукциялары импорттоого кызыкдар. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов баштаган делегациянын Ташкенттеги жумушчу сапарында айтылды.

Жолугушууда Өзбекстанга эт, сүт азыктарын, жашылча-жемиш, картошка, курулуш материалдары, көмүр жана башка продукцияны экспорттоо маселеси талкууланды.

Ошондой эле Кыргызстанга заманбап жеңил, жүк унааларын, айыл-чарба жана атайын техниканы, эмерек, минералдык жер семирткичтерди сатуу маселеси каралган.

Сапардын алкагында Панкратов Өзбекистандын Айыл-чарба, Экономика, Тышкы соода министрликтердин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн 2018-жылдын 10 ай ичиндеги соода алмашуусу 325 млн долларды түзүп, былтыркы жылга караганда 50% көп болгон. Эки тарап жакынкы жылдары соода алмашууну 500 млн долларга жеткирүүнү пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий