• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Өзбекстандын премьери Акылбек Жапаровду кызматка дайындалышы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов Акылбек Жапаровго Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо катын жөнөттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өзбекстан Республикасынын премьер-министри белгилегендей, өлкө жетекчиси жана парламенти тарабынан Акылбек Жапаровго көрсөтүлгөн жогорку ишеним анын натыйжалуу эмгек ишмердүүлүгүнүн татыктуу баалангандыгынын далили болуп саналат.

«Биргелешкен күч-аракеттер аркылуу бизин өлкөлөрүбүздүн жана элибиздин бакубаттуулугу үчүн өзбек-кыргыз өз ара пайдалуу кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө жана чыңдоого жетишебиз деп ишенем», – деди ал.

Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Акылбек Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубаттуулук жана жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий