• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Үзгүлтүксүз чач боёкторду колдонуу эмчек рагынын өрчүү тобокелдигин жогорулатат

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. Үзгүлтүксүз чач боёкторду жана чачты түздөтүүчү химиялык заттарды колдонуу эмчек рагынын өрчүү тобокелдигин жогорулатат. Бул тууралуу америкалык окумуштуулардын изилдөөсүн International Journal of Cancer журналы жарыялады.

Саламаттык сактоо улуттук институтунун адистери 46 709 аялдын маалыматын изилдеп чыккан. Алар 2003-2009-жылдары "Sister Study" аталышындагы изилдөөгө катышкан. Изилдөөдө аялдардын эмчек рагынын өрчүүсүнө айлана-чөйрө жана ген кандай таасир этээрин карашкан. Аялдардын баарынын жакын туугандарынын бири ( эже-сиңди, апасы) аталган илдет менен жапа чегип келген, бирок алар изилдөө учурунда ден соолугу чың болгон.

Жыйынтыгында чач боёкторду үзгүлтүксүз колдонгондордун эмчек рагынын өрчүү тобокелдиги ал боекторду колдонбогондорго салыштырмалуу 9%га жогору болгон. Себеби чачтын түсүн өзгөртүүчүнүн курамында эндокриндик система жана канцерогенди бузуучу заттар бар болгон.

"Окумуштуулар буга чейин деле чач боёктор менен рактын ортосундагы байланышты изилдеп келген. Бирок жыйынтыгы арсар бойдон калган. Биздин изилдөөдө үзгүлтүксүз чач боекторду колдонуу менен эмчек рагынын өрчүү коркунучунун ортосундагы байланышты байкадык", - дейт изилдөөнүн жетекчиси Александр Уайт.

Дагы бир ачылыш болуп, эмчек рагы менен чачты түздөтүүчү химиялык заттардын ортосунда байланыш бар болгону билинген. Изилдөөчүлөр мындай химиялык заттарды ар бир 5-8 жума сайын колдонгондордун онкологиялык оорусунун өрчүүсү 30%га жогору болгонун байкашкан.

Окумуштуулар белгилегендей, алардын жыйынтыктары алдын ала гана маалымат жана башка факторлордун таасири эске алынган эмес.

"Адамдар көптөгөн факторлорго дуушар болушат. Алар эмчек рагынын өрчүүсүнө алып келиши мүмкүн. Жүргүзгөн изилдөөбүздө айтылгандын бирөөсү менен илдетке толук чалдыгып калат деп айта албайбыз. Бирок, биз ишенимдүү түрдө онкологиялык оорунун өрчүү тобокелдигин азайтуу үчүн жогоруда айтып өткөн химиялык заттардан алыс болуу керектигин айта алабыз", - деп билдирет изилдөөнүн дагы бир автору Дейл Сэндлер.

Пикир

Оставить комментарий