• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жалал-Абад: Өкмөт тарабынан берилген жардам муктаждарга жеткирилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы 662 үй-бүлөгө өкмөт тарабынан бир мүшөктөн ун берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан кабарлашты.

Матрезервден бөлүнгөн 33 тонна ун калаадагы оор шартта турмуш кечирген үй-бүлөлөргө таратылууда.

Буга байланыштуу тийиштүү тармактардан жана шаардык кеңештин депутаттарынан түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Бүгүн шаар башчысы Мураталы Тагаев муктаж жарандар менен жолугуп, өкмөттүн жардамын жеткирип берди.

Жалал-Абад шаарында өтө оор шартта кыйналып жашаган жалпы 942 үй-бүлө бар. Буга чейин алардын айрымдарына шаар мэриясы тарабынан ун берилген. Эми калган үй-бүлөлөрдүн жетишпестигин да жергиликтүү бийлик чечүү аракетин көрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий