• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында Апрель окуясы эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы Эркиндик аянтында 2010-жылдагы Апрель окуясы эскерилди. Иш-чарага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, мэр Эрнисбек Ормоков, мекеме-ишканалардын жамааттары жана тургундар катышты.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарада гүлчамбар коюлуп, куран окулду. Андан соң театрлаштырылган көрүнүш чагылдырылып, эскерүү сөздөрү айтылды.

"Шаардын мэри 7-апрель окуясынан ар бир бийликтин бутагы сабак алып, мындай катачылыктарга жол берилбеши керектигин айтты. Бул күнү жаркын келечек үчүн жанын курмандыкка чалган ар бир баатырдын эмгеги унутулбай турганын баса белгиледи", - деп билдиришти мэриянын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий