• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 09.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-майда Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын алкагында Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин эстелигине гүл коюлуп, эскерилди. Ошондой эле салтка айланган "Өлбөс полк" жүрүшү уюштурулуп, "Кайгырган эне" эстелигине гүл коюлду.

Майрамдык иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сафин Гаффан, концлагерь туткуну Валентина Симоненко, Россиянын Оштогу башкы консулу баштаган коноктор жана шаар тургундары катышты.

Согуш ардагерлерине президент Садыр Жапаровдун куттуктоосу жана белеги, шаардык мэриянын белеги тапшырылды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери, концлагердин туткуну жана ооруктун бирден ардагери калган.

Пикир

Оставить комментарий