• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Жалал-Абаддын үч аймагына кар көчкү түштү — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Жалал-Абаддын үч аймагына кар көчкү түшкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-мартта Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымында болжол менен 3100 куб метр, ал эми Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолунун 99-101-чакырымында болжол менен 558 куб метр, Торкен-Толук автоунаа жолунда болжол менен 840 куб метр кар көчкү түшкөн.

Буга байланыштуу Токтогул, Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын өздүк курамы менен биргеликте жол тейлөө ишканасынын техникалары тартылып, жолду тазалоо жумуштары жүргүзүлдү.

Өлкө аймагында аба ырайынын кескин түрдө өзгөргөндүгүнө байланыштуу ӨКМ узак жолго чыккан айдоочуларга унаалар ортосунда 500 метр аралыкты так сактоону эскертет.

Пикир

Оставить комментарий