• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Кызы изделүүдө. Ала-Арча капчыгайында эркек кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 06.08.23./Кабар/. Ала-Арча капчыгайына кетип дайынсыз болгон жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1982-жылы туулган М. Б. аттуу жаран 8 жашар кызы менен Ала-Арча капчыгайына кеткен. 3-августта алардын дайынсыз болуп атканы тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерине ӨКМге караштуу КДМБдан 5 куткаруучу, Ысык-Ата райондук ӨКБдан дрон менен 1 офицер жана туугандарынан 15 адам тартылган.

"Бүгүн изделип аткан адамдын сөөгү суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берлдм. Ал эми өспүрүм кызды издөө уланууда", – деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий