• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Жээнбеков: Тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча алдыбыздагы милдеттерди биргелешип чече алабыз

Президент 0

Бишкек, 15.06.19. /Кабар/. «Тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча алдыбыздагы милдеттерди биргелешип чече алабыз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда Тажикстандын Душанбе шаарында Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин 5-Саммитинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасы өз ара ишенимди жана аймактык коопсуздукту бекемдөө боюнча Кеңешменин максаттарын жана принциптерин бекем карманат.

«Биз Бешинчи саммиттин «Коопсуз жана азыркыдан да гүлдөп-өнүккөн аймакка бирдиктүү көз караш» күн тартибин кубаттайбыз. Бул тема тынчтыкты, туруктуулукту камсыз кылууга жана азыркы дүйнөдөгү өнүгүүгө биздин кошо турган салымыбызды чагылдырат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, 1992-жылы Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев Азияда өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешмени түзүүнү сунуш кылып, саясий көрөгөчтүк кылган. Бул демилге бир катар Азия мамлекеттери жана БУУ тарабынан колдоого алынган. Ошондон тартып биздин өлкөлөрдүн аракети менен өз ара аракеттешүү өнүгүп, бекемделип келет.

«Дүйнө ордунда турбайт. Бүгүнкү күндүн чындыгы биздин өз ара аракеттешүүнү өркүндөтүү зарылдыгын талап кылууда. Бул коопсуздук саясаты чөйрөсүнө, чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүүгө, экономика жана туруктуу өнүгүүгө тиешелүү. Буга байланыштуу биз Казакстандын Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин Саммитинин негизинде Азияда Коопсуздук жана өнүгүү боюнча Уюмду түзүү тууралуу демилгесин колдойбуз», — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдерде комплекстүү өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн Азия кызматташтыкты тереңдетүүгө муктаж экенине ишене турганын билдирди.

«Биз саясий жана экономикалык чөйрөлөрдө ишеним чараларын калыптандырууда жакшы мисалга ээбиз. Мен Борбор Азия мамлекеттеринин башчылырынын туруктуу өтүп жаткан жолугушууларын жана интеграциялык биримдиктин уникалдуу төмөнкү форматтары тууралуу айтып жатам. Биринчиден, бул — Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы орун алган өз ара аракеттешүү. Экинчиден, тез өнүгүп келе жаткан интеграциялык бирикме болгон ЕврАзЭСтин жакшы тажрыйбасы бар. Жакында биз Нур-Султанда анын беш жылдык мааракесин белгиледик. Үчүнчүдөн, Улу Жибек жолундагы глобалдык экономикалык милдеттерди илгерилетүүгө багытталган идея дүйнөдө улам көп колдоого ээ болууда. Биз «Бир алкак — бир жолдун» алкагында кызматташуунун дараметин мындан ары да ачууга даярбыз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал баса белгилегендей, Кеңешменин чакырылышына негиз болгон себептер Борбор Азия үчүн мурдагыдай эле актуалдуу бойдон калууда жана Азия регионунда болуп жаткан процесстер чакырыктарга жана коркунучтарга жооп издөө үчүн аракеттерди бириктирүү зарылдыгын талап кылууда.

«Кыргыз Республикасы кандай гана түрдөгү болбосун терроризмди жана экстремизмди чечкиндүү айыптайт. Терроризмге жана экстремизмге каршы күрөштүн активдүү катышуучусу катары биз тийиштүү мамлекеттик Программа кабыл алганбыз. Биздин өлкөдө терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү үчүн мамлекеттик органдар менен бүтүндөй коомдун биргелешкен аракеттеринин алгоритми аныкталган», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

«Биз тынчтыкты, глобалдык коопсуздукту, туруктуу өнүгүүнү камсыздоо боюнча БУУ башында турган жалпы ишке өз салымыбызды кошууга умтулуудабыз. Биз мындан ары карай да жаңы чакырыктар жана коркунучтар менен биргелешкен күрөшкө активдүү катышууга даярбыз», — деп кошумчалады ал.

Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, уран калдыктары сакталуучу жайлар регионалдык мүнөздөгү дагы бир маанилүү маселе болуп саналат. Бул мурдагы СССРден калган мурас. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Кыргызстан 2018-жылы ар кандай эл аралык аянтчаларда бир катар иш-чараларды уюштурду.

«Борбор Азиядагы радиация коркунучун болтурбоо боюнча БУУ Башкы Ассамблеясынын резолюциясы кабыл алынды. Бул Кыргызстан тарабынан демилгеленген документ. Ушул контекстте биз эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда айлана-чөйрөнү коргоо жаатында мындан аркы биргелешкен аракеттерди күтөбүз. Учурдан пайдаланып, уран калдыктары сакталуучу жайларга байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө бизге чоң жардам берип жаткан союздаштарыбыз Россияга, Казакстанга жана чет элдик өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдиргим келет», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Сөзүнүн аягында Президент Сооронбай Жээнбеков Уюмдун ролу жана аброю мындан ары карай да өсүп жана бекемдеп, анын актуалдуулугу өсө берерине ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий