ЖК комитетинде АКШ, Россия, Кытай, Кореядагы элчи кызматына сунушталган талапкерлер каралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.01.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана коопсуздук комитети Кыргызстандын АКШ, Россия, Кытай жана Кореядагы элчи кызматына сунушталган талапкерлерди кароодо.

Отурумдун жүрүшүндө Түштүк Кореяга элчи катары тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелованын талапкерлиги каралууда. КРнын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев АКШдагы элчи кызматына сунушталса, Россиядагы элчиликке мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун жана Кытайга Канайым Бактыгулованын талапкерлиги каралууда.

Белгилей кетсек, кечээ, 14-январда КРнын АКШдагы элчиси Кадыр Токтогулов кызматынан бошотулган.

Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Азамат Үсөнов 2018-жылдын декабрь айында кызматынан кеткен.

Түштүк Кореядагы Кыргызстандын элчиси Кылычбек Султанов өткөн жылдын октябрь айында кызматынан алынган.

Пикир

Оставить комментарий