• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ЖК мектептерде 5 күңдүк окутууга өткөрүү мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.01.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште билим берүү күндөрүн кайрадан ыраатташтырууга багытталган «Билим берүү жөнүндө» КР мыйзамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда жактырылды. Демилгечилер – депутаттар тобу.

Демилгечилер мыйзам долбоору өлкөнүн жалпы билим берүүгө мекемелерине аптасына 5 күндүк окуу күнүн киргизүү максатында иштелип чыкканын, ал мектептерде билим берүүнүн сапатын арттыра турганын белгилейт.

Мындай тажрыйба көп өлкөлөрдө бар. Мисалы, коӊшу Казакстанда 5 күндүк окууга Президенттин Жарлыгы менен эле өткөрүлүүдө Айрым мектептер мурда эле пилоттук долбоор боюнча 5 күндүк окутууга өткөн. Ал эми айрым мектептердин сабак жүгүн азайтуу менен, 5 күндүк окууга өткөрсө болот.

Андан сырткары, 6 күндүк окуу окуучуларга ашыкча жүк болуп келгени, алар аргандай секциялар менен ийримдер сындуу өздөрү кызыккан жана пайдалуу нерселерге катыша албасы, мугалимдердин да сабакка даярдануусуна убакыт тартыш экени, чет тилдерин үйрөнүүгө кошумча сааттар киргизилгени, 5 күндүк окууда алардын маянасы кыскарбай турганы белгилүү болду. Мындай демилгени өкмөт өкүлдөрү да колдоо менен, окуу программасын 5 күндүк окууга ылайык келтирүү чаралары көрүлө турганын билдиришти.

Белгилей кетсек, иштеп жаткан пилоттук долбоорго ылайык, ушу тапта мектептердин 80 пайызы 5 күндүк окутууга өткөн. 159 мектепте окуучулар 3 сменде окуйт. 446 мектепте гана 1 сменде окутулат. Мектепти жылына 60 миӊ окуучу бүтүрөт. Эгерде бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, 2018-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирүүгө тийиш.

Пикир

Оставить комментарий