• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ЖМК: Улуу Британия менен ЕБ Брекзиттин шарттары боюнча «дээрлик макулдашты»

Дүйнө 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар/. Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Брекзит боюнча Европа биримдиги менен дээрлик макулдашкандыгы тууралуу өз өкмөт мүчөлөрүнө маалымат берди. Бул тууралуу Financial Times басылмасы сүйлөшүүлөр менен жакындан тааныш булагына таянып жазды.

Улуу Британия Евробиримдиктин курамынан 2019-жылдын аягына чейин чыгышы керек. Бирок азыркыга чейин Лондон менен Брюссель Брекзиттин шарттары боюнча макулдашууга келе алабы-жокпу белгисиз болууда.

Июлда британ өкмөтү ЕБдин курамынан чыгуу тууралуу макулдашуунун долбоорун сунуштаган. Ага ылайык, өлкө айрым экономикалык тармактар боюнча европалык стандарттарды кармануусун улантат жана Европанын бирдиктүү базарында айыл чарба товарлары менен чексиз соодалашуу укугун алат. Өз кезинде евроскептиктер бул долбоорду сындап, ал өтө «жумшак» жана пайдасыз экенин айтып чыгышкан.

Буга чейин британ басылмалары Евробиримдик менен ийгиликсиз сүйлөшүүлөрүнөн кийин Тереза Мэйдин позициясы начарлап кеткенин жазышкан. Бирок премьер-министр азырынча иш оңунан чыкпай калды деп айтууга эрте экенин жана Британия ЕБден эч кандай макулдашуусуз эле чыгууга даяр экенин билдирүүдө. Ал сунуштаган мындай чараларга лейбористтер менен башка оппозициячыл күчтөр каршы болуп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий