• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ЖМК жана коммуникация кызматкерлери “Ынтымак” паркына көчөт отургузушат

Коом 0

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. 1-апрель, ишемби күнү “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында Бишкек шаарындагы “Ынтымак” сейил багында “Сөз эркиндиги” деген символикалык аталыштагы аллеяга көчөттөр отургузулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Экологиялык акцияга мамлекеттик жана көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык донор уюмдардын коммуникаторлору, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын басма сөз кызматкерлери катышат.

Иш-чара журналисттер менен коммуникаторлордун башын бириктирүү, медиа чөйрөсүндөгү жаңы чакырыктарды жана идеяларды бейформал шартта талкуулоо максатында президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы тарабынан уюштурулат.

Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков белгилегендей, ыйык Орозо айында экологиялык акция өткөрүү өзгөчө мааниге ээ.

Акцияга жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын коммуникаторлору жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын басма сөз катчылары катыша алышат.

Иш-чарага аккредитациядан өтүү үчүн төмөнкү телефондор аркылуу 0555 240066, 0778 597883 кайрылсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий