• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жол жээгиндеги мектептердин жанында жол белгилерин жана светофорлорду орнотуу иши башталды

Өкмөт 0

Бишкек, 31-июль /Кабар/. Өкмөт башчысынын тапшырмасы менен жол жээгинде жайгашкан мектептердин жанында жол белгилерин жана светофорлорду орнотуу иши башталды. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мектептердин жол инфраструктурасын оңдоо боюнча ѳткѳргѳн жумушчу жыйыннда ушул жаатта аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат алды. Соӊку жылдары өлкө аймагында автоунаалардын саны өтө тездик менен көбөйүдөы. Натыйжада шаарларда жол тыгындары күч алып, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарынын да саны арбууда. Өзгөчө, мектеп окуучуларынын катышуусундагы жол кырсыктарын каттоо өсүүдө. Мындай көрүнүштөрдү жол коопсуздугун камсыздоо багытында иш-чараларды күчөтүү жолу менен жоюу зарылдыгы келип чыкты.

Өкмөт башчысы жаңы окуу жылы башталаары менен өлкөнүн жолдорунда окуучулардын саны кескин көбөйө турганын, андыктан азыртадан балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу маанилүү экендигин билдирди. «Балдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн жаңы окуу жылы башталгыча жол белгилерин жана светофорлорду орнотуу жана тиешелүү белгилерин тартуу боюнча иштер башталат», - деди ал.

Буга чейин Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн жол жээгинде жайгашкан 537 мектептин жанындагы жол белгилерин жана светофорлорду орнотуу боюнча жумуштарды төрт этапта аткаруу тапшырмасын бергени маалым. Анын биринчи этабында үстүбүздөгү жылдын 20-августуна чейин 99 мектептин жол инфраструктурасын жакшыртуу пландаштырылган. Ал эми калган этаптар 2018-жылдын 1-январына чейин толугу менен бүткөрүлүшү керек.

Транспорт жана унаа жолдорунун министри Жамшитбек Калиловдун билдиришинче, бул иштерди аткаруу үчүн Жол чарбачылыгы департаментинин титулдук тизмесинде 12 млн. 430 миң сом каралган. Министр жөө жүргүнчүлөр өтүүчү белгилерди атайын термопластик менен тартыша турганын да кошумчалады.

Жыйында мектептердин жол инфраструктурасын жакшыртуу багытында жасалып аткан жумуштар тууралуу Бишкек жана Ош шаарларынын башчылары Албек Ибраимов менен Айтмамат Кадырбаев дагы маалымат беришти.

Сооронбай Жээнбеков жыйында дагы бир жаңылыкты айтты – көчөлөрдө орнотулган атайын фото-видео жабдыктар аркылуу катталган жол эрежелерин бузуулардын административдик айып пулдарынан түшкөн каражаттын 50%ы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын бюджеттерине которула тургандыгы боюнча өкмөттүн токтомуна премьер-министр кол койду. Бул чара өлкө боюнча фото-видео каттоо системасын киргизүүнү тездетип, анын натыйжасында жол коопсуздугу бир кыйла жакшырат.

Пикир

Оставить комментарий