• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

1,5 жаштагы баланы аялдамага калтырып кеткен үй-бүлө каттоого алынды

Коом 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. Чүй облусунда бир жарым жаштагы баланы аялдамага калтырып кеткен үй-бүлө каттого алынды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улугбек Кочкоров кабарлады.

Анын айтуусунда, бүгүнкү күндө ал бала үй-бүлөгө кайтарылган. Ведомство аралык комиссия бул кырдаал боюнча иш жүргүзүүдө.

“Баланы интернатка жиберүүгө азырынча зарылчылык жок. Ал үчүн эки ата-эне тең баладан баш тартышы керек. Бул үй-бүлө азыр каттоого алынган, эми социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери дайыма келип, баланын жашоо-шартын текшерип турушат”, - дейт министр.

Пикир

Оставить комментарий