• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өкмөт менен Жогорку Кенеш кечиктирилгис мыйзамдарды кабыл алууну кечеңдетүүдө — президент

Коом 0

Бишкек, 27.12.18 /Кабар/. Өкмөт менен Жогорку Кенеш айрым кечиктирилгис мыйзамдарды кабыл алууну кечеңдетүүдө. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында билдирди.

Президент белгилегендей, ушул жылдын октябрь айында мамлекеттик органдардын жетекчилери, жумушчу топтун мүчөлөрү менен кеңешме өткөрүп, анда аткарылып жаткан иштердин жүрүшү талкууланган жана мыйзамдарга зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилген.

— Бирок, тилекке каршы, бул иш убагында бүтпөй калды. Өкмөт менен Жогорку Кенеш айрым кечиктирилгис мыйзамдарды кабыл алууну кечеңдетүүдө. Ошондуктан Жаӊы жыл башталганга чейин бул маселелерге дагы бир жолу кайрылып жатам, — деп белгиледи Жээнбеков.

Мамлекет башчысы 2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы 5 кодекстер жана 2 мыйзамдар күчүнө кире турганын эске салды.

— Жаӊы кодекстерде жаңы институттарды ишке киргизүү каралган. Алардын ичине Бирдиктүү реестр, тергөөчү судья, тергөө кабинетин жана сот залдарын санариптештирүү, пробация сыяктуу институттар кирет. Соттук-укуктук реформанын ийгиликтүү жүрүшү ушул жаңы институттардын ишине жараша болот. Сотторго жана укук коргоо органдарына элдин ишеничи кайтарылат. Буга чейин соттук же укуктук реформа өз-өзүнчө жүргүзүлүп келген. Биздин реформанын өзгөчөлүгү — соттук-укуктук реформаны чогуу жүргүзүп жатабыз. Анткени бул экөө өз ара тыгыз байланышкан чөйрө. Аларды өз-өзүнчө кароо мүмкүн эмес, — деп белгиледи президент.

Пикир

Оставить комментарий