• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эл аралык донорлордон алынган акчалар кандай пайдаланып жатканына көзөмөл жок – Төрөбаев

Коом 0

Бишкек, 27.12.18 /Кабар/. Эл аралык донорлордон алынган насыялык каражаттардын кандай пайдаланып жатканына көзөмөл жок. Бул тууралуу депутат Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

Анын пикири боюнча, өкмөт такай насыя менен гранттар боюнча тиги келишимди, бул макулдашууну тездетип ратификациялап бергилечи деп сурангандыктан, парламент алардын өтүнүчүн канааттагдырып келет.

– Бирок, эл аралык донорлордон алынган насыялык каражаттардын кандай пайдаланып жатканына көзөмөл жок. Ошондон улам көптөгөн социалдык багыттагы объектилердин курулушу өз маалында бүтпөй турат, – деди депутат.

– Мисалы, Евробирликтин каражатына Беловодск жана Жалал-Абадда психоневрологиялык эки балдар үйү курулуп, быйыл президент алардын ачылышына бармак. Тилекке каршы, каражат убагында берилбегендиктен, алардын курулушу 2017-жылдан берүү аягына чыгарылган жок. Эми, мындай курулуштар арбын. Ошондуктан, өкмөт жаӊы жылдан тарта бул маселени колго алып, эл аралык каржы уюмдарынан алынган каражаттардын өз багытында колдонулушуна көзөмөлдү күчөтүшү зарыл, – деп кошумчалады Бакыт Төрөбаев.

Пикир

Оставить комментарий