• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек ара кызматынын 200 жаш аскери ант берди

Коом 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Каракол шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгында жаш чек ара аскерлеринин ант берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, учурдагы коронавируска байланышкан кырдаалдан улам жаш аскерлер медициналык беткап тагынып ант беришкен.

"Адатта жаш аскерлердин ант берүү салтанатына алардын жакындары, туугандары катышат. Бирок, бул ирет белгилүү себептерден улам ант берүү салтанатына алар катышкан жок", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Чек ара кызматы билдиргендей, 200 жаш аскер 2,5 ай бою аскер ишин үйрөнүшкөн: тактикалык даярдык, аскердик техника, чек ара кызматынын өзгөчөлүгү ж.б.

Пикир

Оставить комментарий