• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкмөт сот реформасын ишке ашырууда эмнеге артта калууда? – вице-премьер-министрдин жообу

Президент 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында вице-перемьер-министр Жеңиш Разаковго эмнеге өкмөт сот реформасын ишке ашырууда мөөнөттөн артта калып жатканы тууралуу суроо менен кайрылды.

Вице-премьердин айтымында, бүгүнкү күнгө карата 10 мыйзам долбоорунун ичинен бирөөсү гана кабыл алынып, алтоо макулдашуу баскычында, үчөө Жогорку Кеңештин кароосуна чыгат. Мамлекет башчы эмнеге азыркыга чейин болгону бир эле мыйзам долбоору баардык баскычтарды өткөнүнө таң калды.

“Негизинен мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча баардык баскычтар боюнча макулдашуу болгон. Ал көп убакытты алууда. Ар бир баскычка 1 айдан кетүүдө. Бизде баардык мыйзам долбоорлору макулдашылып, бирөө Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн”, – деди Разаков.

Мындан тышкары президентке керектүү санариптик техниканы орнотуу боюнча тендерлер өткөрүлүп, Кылмыш жана жоосундардын бирдиктүү реестри текшерүүдөн (апробациядан) өткөнүн – система ишке даяр экенин маалымдашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-декабрда соттук реформа боюнча Кеңештин жыйынын өткөрүп жатат.

Күн тартибинде эки маселе каралууда:

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 22-майындагы «Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө.
  2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жаңы долбоорлорун талкуулоо.

Пикир

Оставить комментарий