• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте быйыл 92 көчөдө капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда – вице-мэр

Коом 0

Бишкек, 13.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 2018-жылы Бишкектин көчөлөрүндөгү капиталдык оңдоо иштери эки багыт боюнча жүргүзүлөт: муниципалдык ишкананын жана кытай грантынын эсебинен. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Эркинбек Исаков билдирди.

Ал билдиргендей, “Бишкекасфальтсервис” МИнын эсебинен 42 көчө оңдолот, ал эми кытай грантынын эсебинен – 50 көчө.

“Жумуш апрелде башталат. Ушул тапта транспорт кыймылын эске алуу менен биргеликте жумуш тартиби даярдалып жатат. Андан тышкары биз жаңы төшөлгөн асфальтты алып таштабаш үчүн коммуналдык ишканалар менен иш алып баруудабыз”,-деп билдирди ал.

Бишкек көчөлөрүнүн капиталдык оңдоп-түзөөсү боюнча жылдын биринчи жарымына каралган деталдуу планды жакынкы убакта жарыялайбыз. Ал жерде кайсыл көчөлөр жабыла тургандыгы так көрсөтүлөт.

“Көчөлөрдү комплекстүү түрдө салууну пландап жатабыз. Башкача айтканда тротуарларды, сугатты калыбына келтирүү, тышкы жарык берүү. Жаңы конуштарга жарыкты алып баруу боюнча маселе бар, анткени ал жакка инфраструктура өткөрүлгөн эмес. Оңдоп түзөөдөн өткөрүлө турган көчөлөрдүн 70% жарыктандырылат”,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий