• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги 22 мечитке адамды жүзүнөн тааныган видеокамералар орнотулат

Коом 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Кечээ Бишкектеги "Кимсанбай ажы" атындагы борбордук мечитте Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда имамдардын жыйыны өттү.

Муфтияттан маалымдашкандай, жолугушууга Бишкек ШИИБнин 10-башкармалыгынын начальниги Аскат Муратканов, башкармалыктын экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы Талантбек Чукубаев, ушул бөлүмдүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам опер кызматкери Мирлан Качкынбаев жана Бишкек шаардык казыятынын казысынын орун басары Талантбек ажы Темирбаев баштаган калаадагы 22 мечиттин имамдары катышты.

Анда Ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү адамдарды жүзүнөн тааный турган видеобайкоо камералар жөнүндө кенен маалымат берип, алгач шаардагы эң чоң 22 мечитке орнотууну сунуштады.

"Мечитте намаз окуган момундардын мүлктүк коопсуздугун камсыздоо абдан зарыл. Анча-мынча колу туткактар ыйык жай болгон мечитте Алладан коркпой келгендердин буюм-тайымдарын уурдаган фактылар көп катталып жатат. Андыктан адамдарды жүзүнөн тааныган камера орнотуу өтө маанилүү. Бул камералар мечитке ким кирип, ким чыгып жатканын аныктап берет", — деди Талантбек ажы Темирбаев.

Пикир

Оставить комментарий