• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Ош облусунун экономикасын өнүктүрүүнү активдештирүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты.

Коллегиялык жыйында министрлер кабинетинин башчысы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.

"Бизде эң негизги инвестиция билимге, келечек муунга болушу керек. Биздин эң чоң байлыгыбыз-элибиз. Мектептерди жаңылап, мугалимдердин айлыгын көтөрөлү деп аракет көрүп жатабыз, эми мектептеги билим сапатына ар бир облустук жана райондук жетекчилер катуу көңүл бөлүүнү талап кылабыз", - деди Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары министрлер кабинетинин башчысы социалдык контракт боюнча 2024-жылы 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдук колдоолор берилерин, ага 2 млрд сом каралганын белгилеп, облустук жана райондук жетекчилер жер-жерлерде кол өнөрчүлүк менен алектенген үй-бүлөлөрдү таап, алардын бизнесин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүсүн тапшырды.

Ошону менен катары Ош облусундагы айрым кемчиликтерге токтолду. Алсак, өнөр жай өндүрүшү, республикалык бюджеттин аткарылышы, ККМ колдонуу боюнча, турак жайды камсыздоо, саламаттык сактоо жаатындагы көрсөткүчтөрдө Ош облусу "жакшы эмес" баага татып жатканын министрлер кабинетинин төрагасы белгилеп, бул багытта ишти күчөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Ош облусун өнүктүрүү үчүн, тоо кен тармагына, кластерлерди түзүү жолу менен тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүүгө, ар бир районго чакан ГЭСтерди курууга, жеңил өнөр жайына артыкчылыктуу карашы керектигин кошумчалады.

Министрлер кабинетинин башчысы республикалык бюджеттин өсүүсүнөн улам, ар бир райондордогу курулуштарга салынган мамлекеттик каражаттардын көлөмү 1 млрд сомго жетип жатканын айтып, бул өз кезегинде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүн дагы да демилгелүү болуусуна түрткү болушу керектигин белгиледи.

"Жеке менчикти күтпөгүлө, аларды эле карап отурбастан, жаңы ишканаларды, жумушчу орундарды түзгүлө. Биз силерге ушундай тапшырма коёбуз. Элдин бакубат жашоосу – биздин милдет!" - деди Акылбек Жапаров.

Коллегиянын жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иштин майнаптуу жүрүшү үчүн жергиликтүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий