• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Казакстандын премьери Алихан Смаилов менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматы шаарына (Казакстан) жумушчу сапарынын алкагында Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы азыркы мамилелер саясий диалогдун жогорку деңгээлин тастыктай турганын белгиледи.

«Өз ара сооданын жана инвестициянын көлөмү жыл сайын өсүп, ишкердик, илимий жана маданий байланыштар активдешүүдө. Өкмөттөр аралык кеңештин алкагында кыргыз-казак кызматташтыгын узак мөөнөттүү жана туруктуу өнүктүрүүнүн бирдиктүү стратегиялык максаттары, концептуалдык мамилелери жана багыттары талкууланууда. Биздин өлкөлөр ортосундагы активдүү өз ара аракеттенүү көп тараптуу платформаларда жүргүзүлүүдө», - деди ал.

Акылбек Жапаров кыргыз тараптын Казакстан менен өз ара ишенимге жана түшүнүүгө негизделген союздук мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов өз кезегинде Кыргыз Республикасы Казакстандын стратегиялык өнөктөшү экенин белгиледи.

«Биздин өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнүн прогрессивдүү өнүгүп жатканын белгилеп кетүүнү маанилүү деп эсептейм.

Өткөн жылдын 11 айында эле өз ара соода жүгүртүү 12%га өсүп, 1,3 млрд долларга жеткен. Өкмөттөр мамлекет башчылары тарабынан мурда коюлган товар жүгүртүүнү 2 миллиард долларга чейин жеткирүү боюнча ишти улантууда. Биз мындан ары казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгүн бардык багыттар боюнча колдоого даярбыз», — деди ал.

Тараптар эки өлкөнүн ортосунда мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн жана эки тараптуу кызматташуунун башка актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү чөйрөсүндө, транспорт тармагында кызматташууларды талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий