• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

1-октябрдан тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана медайымдардын кошумча эмгек акысынын жаңы тутуму киргизилет

Коом 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду, ага ылайык, 2018-жылдын 1-октябрынан тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана медайымдардын кошумча эмгек акысынын жаңы тутуму киргизилет, ага жараша алардын эмгек акысы жогорулатылмакчы. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Аталган чара медициналык тейлөөлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле биринчи звенодогу медициналык кызматкерлердин финансылык кызыкдарлыгын жана ишинин натыйжалуулугун жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Дем берүүчү төлөмдөрдү киргизүү максатында үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана медайымдардын айлык акысынын кепилденген бөлүгүнүн деңгээли жана эсептөө тартиби өзгөртүүсүз калтырылган.

Мындан тышкары, үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана медайымдардын ишинин жеке натыйжалуулугун эске алган жаңы төлөм тартиби ишке киргизилүүдө.

Калкка медициналык жардам көрсөтүүдө жана натыйжалуулукка жетишүүдө үй-бүлөлүк дарыгерлердин жеке салымына көз карандылыкта эмгекти баалоонун белгиленген критерийлери боюнча кепилденгенден жогорку кошумча эмгек акы эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана үй-бүлөлүк медайымдарга кошумча айлык маянасы эсептелүүчү натыйжалуулук критерийлерин аныктады, мында көрсөткүчтөр жогорку болсо, алардын маянасы эки эсе көбөйтүлөт.

Белгилей кетүүчү жагдай, медициналык кызматкерлердин кошумча эмгек акысы жаңы тутумга ылайык, кепилденген айлык акысынын курамына кирбейт.

Ошол эле учурда каражаттардын бул көлөмүнө өлкөнүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарындагы иш үчүн коэффициенти жайылтылбайт.

Бул максаттарда республикалык бюджеттен 2018-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына тарта – 157,5 млн сом жана 2019-жылдын 1-январынан баштап 630 млн сом жылына бөлүнөт.

Пикир

Оставить комментарий