• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

1 саат кармап турган. Аламүдүндүн акиминин каза болушу боюнча кызматтык териштирүү башталды

Коом 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилиги тарабынын Аламүдүн районунун акими тууралуу интернетте тараган маалымат боюнча кызматтык териштирүү башталды. Бул тууралуу аталган башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, акимдин жубайы интернетке билдирүү калтырып, жолдошу менен ооруканага бара жатканда таксистти кайгуул кызматкери токтотуп, бир саат кармаганын жазган.

“Ал маалымат боюнча кайсыл жерден, кайсыл убакытта, кандай себеп менен кимдер тосушканы жөнүндө так маалымат жок. Ошол себептен териштирүү иштеринин жүрүшүндө бардык жагдайлар такталып, аныкталып, юридикалык баа берилет. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалыматтар берилет”, - деп айтылат маалыматта.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы оорулуу жаран же бош бойлуу адамды ооруканага жеткирип жатканда бир дагы кызматкер аны токтотуп кармоого барбай турганын белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий