• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

3-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Эртең, 3-декабрда, өлкө аймагында күн ачык болот жана жаан-чачын күтүлбөйт. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19 градус, Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…+4 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20 градуска жетет.

Эртең борбор калаабыз Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5 градус, күндүз 17…19 градс жылуу болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий