• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Балыкчы шаарынын эски спорттук залы оңдоодон өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Балыкчы шаарынын эски спорттук залы оңдоодон өткөрүлүүдө, -деп билдирет Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине аталган фонд тарабынан 4 млн 100 мин сом бөлүнгөн.

"Бул каражатка имараттын чатыры жаңыртылып, терезелери алмаштырылды. Учурда ички жасалгасасы, дараткана, жуунучу жайдын жана чечинүүчү бөлмөлөрдүн ичи оңдолууда. Спорттук имарат жакынкы күндөрү колдонууга берилмекчи", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий