• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Арзыбек Кожошев экинчи Евразиялык конгресстин пленардык кеңешмесине катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 02.12.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Москва шаарында өткөн (Россия Федерациясы) экинчи Евразиялык конгресстин пленардык кеңешмесине катышты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары санариптик өнүгүү, “жашыл” экономика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары, транспорттук-логистикалык инфраструктура чөйрөсүндө ири инфраструктуралык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун артыкчылыгын жана келечегин, ошондой эле илимий-изилдөө иштерин колдоо зарылдыгын белгиледи.

Арзыбек Кожошев ошондой эле Кыргыз Республикасынын ири гидроэнергетикалык потенциалынын фонунда энергетикалык долбоорлорду өнүктүрүүнүн стратегиялык маанисин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий