• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 09.06.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жеңил өнөр жайынын ардагерлерин жана кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз.

«Урматтуу достор,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан эмгектин жана жеңил өнөр жайынын бардык ардагерлерин, кызматкерлерин, жумушчуларын жана жетекчилерин кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм.

1995-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Кыргыз Республикасынын Жеңил өнөр жайынын күнү – кесиптик майрамы жарыялаган.

Бүгүнкү күндө тармакта бир катар тигүү, токуу, бут кийим тигүү ишканалары ийгиликтүү иштеп, көптөгөн жеке ишкерлер жеңил өнөр жайын өнүктүрүүгө салым кошуп келишет.

Атаандаштыктын шарттарында рыноктун суроо-талаптарына жараша ыкчам өзгөрүп, керектөөчүнүн муктаждыгына жараша багыт алып, ассортименттерди бат-баттан алмаштырып, жаңы технологияларды колдонууга туура келип жатат. Эл аралык стандарттардын талаптары бул тармактын бардык катышуучуларынан товарлардын жана кызматтардын сапаты өркүндөтүү жана жакшыртуунун улам жаңы жолдорун табууга мажбурлоодо.

Тынымсыз эмгек менен 2019-жылдын 1-кварталында өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 2,3%ын түздү, тармактын «текстилдик өнөр жай, кийим жана бут кийим, тери жана башка тери буюмдарын тигүү» ишканалары 1,4 млрд сомго продукция өндүрүлүп, 118,7%ды түздү.

Ошону менен бирге, тармак экономикада экспорттук потенциалы эң жогорку тармакка айланды жана элди жүздөгөн жумушчу орундар менен камсыз кылып жатат.

Белгилей кетсем, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул тармактын экспорттук потенциалын кооперация жана кластердик жол аркылуу өнүктүрүп, рынокторду диверсификациялоону, жеткирүү логистикаларын жакшыртууну жана технополистерди уюштурууну көздөп жатат.

Баарыңыздарга ак ниет жана кара жанын карч уруп, күн-түн иштеген эмгегиңиздер үчүн терең алкышыбызды билдиребиз жана сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөңүздөрдө бакубатчылык каалайм!».

Пикир

Оставить комментарий