• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСК: Контрабандалык товарлар транспорт менен кошо конфискацияланат

Коом 0

Бишкек, 04.11.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы КР президентинин 2022-жылдын 5-сентябрындагы Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өлкөнүн аймагына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден эсепке алынбаган товарларды ташып келүүгө бөгөт коюу боюнча күчөтүлгөн иштерди жүргүзүүдө.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү уруксат берүүчү документтери (коштомо кагаз, ЭСФ, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, салыктык каттоо жөнүндө маалымкат ж.б.) жок товарларды ташып келүү фактылары аныкталган учурда, товар жана аны ташып келген транспорт каражаты конфискацияланат (тартып алынат).

Ушуга байланыштуу Салык кызматы импорттоочу ишкерлерди товарларды ташып келүүдө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргызстандын аймагына товарларды ташып келүү (импорттоо) боюнча КР мыйзамдарынын ченемдерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий