• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мектептерде каникул 3-февралга чейин узартылды

Коом 0

Бишкек, 30.01.18 /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын каникулун 3-февралга чейин узартат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

«ӨКМдин аба ырайынын суукташы боюнча божомолун эске алуу менен Билим берүү жана илим министрлиги окуу-тарбия процессин убактылуу токтотууну узартуу чечимин кабыл алды: беш күндүк окутуудагы мектептер үчүн үч күнгө – 31-январь, 1,2-февраль; алты күндүк окуудагы мектептер үчүн төрт күнгө – 31-январь, 1,2,3-февраль»,- деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин министрлик мектептерде окутууну 30-январга чейин токтотуу буйругун чыгарган.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесине ылайык негизги жалпы билим берүү милдетүү болуп эсептелинет. Ушуга байланыштуу окуу процессин токтотуу тууралуу буйрук мектептерге тиешелүү.

Буйрукка ылайык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иш тартиби боюнча жергиликтүү бийлик органдары менен макулдашуунун негизинде аймактык билим берүү башкармалыгы тарабынан чечим кабыл алынат.

Кесиптик билим берүү мекемелери чечимди кырдаалга жараша өз алдынча кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий