• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Саат 16:00гө жакын батирлерге жылуулук берилет – Исаков

Өкмөт 0

Бишкек, 30.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкекте жарым сааттын ичинде ысык суу кое берилет. Бул тууралуу “Ачык өкмөт” программасы боюнча өтүп жаткан конференцияда КР өкмөт башчысы Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында, адистер технологиялык чечим табышкан.

“Саат 16:00гө жакын үйлөргө жылуулук берилет. Жакынкы жана айылкы райондор бар. Бул суу жетиши керек. Жашоодо ар кандай нерсе болот, жакшылык жана жамандык. Албетте, ЖЭБде болгон көрүнүш бардыгы үчүн биринчи кезекте өкмөт үчүн чоң сабак болду. Бул Кыргызстан өлкөнүн энергетика системасынын үстүндө иштеши керек дегенди түшүндүрөт. Бул жерде электр энергиясы жана жылуулуктун тарифтери жөнүндө суроо коюлат”,-деп билдирди ал.

Исаков билдиргендей, бул маселени түп тамырынан бери чечүү үчүн өлкө чечкиндүү кадамдарга барышы керек.

“Мен Бишкек ЖЭБнин айланасында болгон окуя боюнча баа берүүсү үчүн Башкы прокуратурага өтүнмө жөнөттүм. Бериле турган бааны күтөбүз. ЖЭБде болуп жаткан жагдайды табуу үчүн атайын комиссия иштейт”,-деп кошумчалады өкмөт башчысы.

Пикир

Оставить комментарий