• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Уставдык капиталы 100 млн сом. «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААКсы түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Уставдык капиталында мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коому түзүлдү. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 5 “Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынган.

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коомун түзүүнүн негизги максаты эл аралык тажрыйбаны пайдалануу менен жер казнасын пайдалануу жана ага байланыштуу экономикалык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ресурстарды максималдуу топтоштурууга жөндөмдүү ири интеграцияланган структураны түзүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун түзүүчүсү катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чыгууда.

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 100 млн сом өлчөмүндө белгиленген.

2022-жылы «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААКын уставдык капиталынын өлчөмүн 1 млрд сомго чейин жеткирилет.

Пикир

Оставить комментарий