• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Новопокровка айылында өрттөн эки киши каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Новопакровка айылынын Ленина көчөсүндө жайгашкан кафенин кароолчусу жайгашкан бөлмөдөн өрт чыккан.

ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, өрттөн 6 чарчы метр кароолчунун бөлмөсү толугу менен күйүп, өрттүн кесепетинен бөлмөнүн ичинде эки орус улутундагы адам каза болгон.

"Өрт саат 06:30да чектөөгө алынып, саат 06:50дө толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий