• 88.68
  • 95
  • 0.95

Статистика: Кыргызстанда бир суткада 36 адамдан коронавирус табылып, үч бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда 14-декабрга карата коронавирус дагы 36 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 19, Чүй облусунда – 11, Ош облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда 3 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 40 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 321 бейтап, амбулатордук түрдө 367 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 27 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 80 киши айыгып чыкса, 2 миң 773 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий