• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда укук коргоо органдарынын 12 кызматкери коронавирус жуктуруп алган

COVID - 19 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда укук коргоо органдарынын 12 кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтуусунда, алардын ичинен бирөөсү кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат.

"Алардын бардыгы COVID-19 инфекциясы бар жактардын бардык категориялары менен байланышта болуп, кесиптик кызматтарын аткарып жаткан учурда илдетти жуктуруп алган", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 22-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 22 учур аныкталып, өлкө боюнча COVID-19 вирусун жуктуруунун 612 учуру катталды. Стационарда – 351, алардын ичинен реанимацияда – бешөө. 254 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды . Жети адам каза тапты.


Пикир

Оставить комментарий