• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын аймагында жер титиреди

Коом 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. 21-апрель күнү саат 17:51де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Сейсмология институтунан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө Базар-Коргон районунун Беш-Бадам, Кыргыз-Гава айылында жана Сузак районунун Соку-Таш айылында – 3 балл, Сузак районунун Ак-Тоок, Кара-Март айылдарында, Базар-Коргон районунун Кызыл-Октябрь Карача, Советское, Гелеген, Чкалов айылдарында жана Ноокен районунун Тоскоол айылында 2,5 балл болуп сезилген.

Ошондой эле бүгүн, 22-апрель күнү жергиликтүү саат 05:24те Тажикстандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөөнүн очогу Кара-Тейит айылынан 33 чакырым түштүк-батышта, Карамык айылынан 34 чакырым түштүк-батышта, Ош шаарынан 177 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Жер титирөө Кара-Тейит, Карамык, Шибээ айылдарында – 3,5 балл, Кулчу, Чак, Жаш-Тилек, Кара-Шыбак айылдарында – 3 балл, Даарот-Коргон, Кызыл-Эшме, Кабык айылдарында – 2,5 балл болуп сезилген.

Пикир

Оставить комментарий