• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мындан ары ЕЭКде иштей тургандар сынактын негизинде тандалып алынат

Өкмөт 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Евразия экономикалык комиссиясында иштөө үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жаңы жобо кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Тактап айтканда, Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттериндеги кызматтык жактын бош кызматтык орунун ээлөөгө квалификциялык тандап алуу сынактык негизде өтөт.

Тандап алуу процессин тартипке келтирүү Евразия экономикалык комиссиясында иштөө үчүн мыкты талапкерлерди тандап алууга мүмкүндүк берет, анкени, сынак процесси ачык-айкын өткөрүлөт.

Белгилесек, жаңы жобо боюнча Кыргыз Республикасынын атынан Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттериндеги кызматтык жактын бош кызматтык орунун ээлөөгө сынакка катышуу үчүн талапкерлерди квалификациялуу тандап алуу жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий