• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

10 айда Кыргызстанда жол тармагына 17 млрд сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 24.11.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында жол тармагына 17 млрд сом багытталды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти

Маалыматка ылайык, жол тармагында, тиешелүү материалдарды (битум) сатып алуу, жолдорду оңдоо, тейлөө жана башка иштерге 18,5 млрд сомдон ашык каражат бөлүнөт. 2021-жылга салыштырмалуу капиталдык салымдар 2 эсеге өстү.

2021-жылы жол тармагына 2,1 млрд сом өлчөмүндө капиталдык салымдар багытталган.

Ал эми 10 айда жол тармагындагы капиталдык салымдар 4,5 млрд сомду түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,4 өстү. Мамлекеттик инвестициялар боюнча 9,5 млрд сом каржыланды. Ошентип, жалпысынан жол тармагына 17 млрд сом багытталды.

Пикир

Оставить комментарий