• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

10 мүмкүнчүлүгү чектелген адам көчөдө калуу коркунучунда турат

Коом 0

БИШКЕК, 10.08.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекте 10го жакын мүмкүнчүлүгү чектелгендер көчөдө калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинеПолиграфия ЛОВЗпринт” долбоорунун катышуучуларынын бири Рустам Иманалиев айтып, жардам сурап кайрылган.

Рустам Иманалиевдин эки буту жок. Ал эски жасалма буту менен жүрөт. Полиграфия ЛОВЗпринт” долбоорунун катышуучусу катары ал айдоочу болуп иштеп баштаган. Анын атасы үй бүлөсүн таштап кеткен, апасы 2011-жылы каза болуп, эжеси Москвага иштегени кеткен.

“2010-жылы революциядан кийин биз мародёрлор тарабынан өрттөлгөн Максим Бакиевдин үйүндө жашап калдык. Ал жактан эки бөлмөнү оңдоп, бирөөсүндө үй-бүлөлүүлөр, экинчисинде биз жашачубуз. Калган бөлмөлөр жашаганга мүмкүн эмес. Акыркы учурда бизге мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери жер тилкесинин аянтын ченөө үчүн көп келе баштады. Алардын айтымында үйдү аукционго коюп саткан жатышыптыр”,-дейт Иманалиев.

Пикир

Оставить комментарий