• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Косметикасыз эле сулуу болууга мүмкүн

Дүр дүйнө 0

Косметика колдонбостон, ар бир айым сулуу боло алат! Муну вижазисттер жана бьюти-блогерлер да бир нече ирет далилдеп келишет. Сымбаттуу көрүнүүдө ар кимдин өзүнүн сыры бар. А бирок, косметикасыз эле беттин терисин жакшыртууга болорун баары эле биле беришпейт. Табыгий сулуулукка жетишүүнү каалагандарга бул 12 кеңеш жардам берет. Анда эмесе, нукура сулуулук менен дүйнөнү багынтууга шашылгыла!

1. Беттин терисинин өңүн жакшыртабыз

Беттин териси жакшы көрүнүп туруусу үчүн ромашка чайы жардам берет. 1 чоң кашык ромашканы алып, бир стакан суу куюп, термосто 30 мүнөт кармайбыз. Андан соң тундуруп алып, муздатып, 1 чай кашык бал кошуу керек. Күн сайын эртең менен ачкарын кичинеден ууртап 2 жума бою ичилет.

2. Кирпиктердин коюу жана узун болушу үчүн эмне кылуу керек?

Үй шартында кирпикти азыктандыруунун кыйла натыйжалуу каражаты май болуп саналат. Аны даярдоо үчүн бир идишке кастор, миндаль, кунжут жана уйгак (репейник) майын аралаштырып , ага Е витаминин кошобуз. Андан соң майды кургак кирпиктерге сүртүп, түнгө калтырабыз. Бир нече жумадан кийин кирпиктериңиз жанданып калганы байкалат.

3. Учу ачакейленген жана сына берген чачтардан арылабыз

Бул үчүн үй шартында жумуртканын сарысын жана ½ стакан кадимки йогуртту аралаштырып маска жасоого болот. Ага 1 чоң кашык кастор жана кокос майын, 1 чоң кашык авокадо же жожоба майын кошосуз. Жакшылап аралаштырып, ным чачка сүртүп, полиэтилен шапка кийип алабыз. Бир сааттан кийин башыңызды жууп коесуз.

4. Колдун терисине кам көрөбүз

Колдун терисин жумшартуу үчүн кол кремин алып, ага ошончолук өлчөмдө уксус кошобуз. Аны колго жатаарда сүйкөп жатуу керек. Бир нече аптадан соң колуңуздун териси жумшарып калат.

5. Сепкил жана тактардан арылабыз

Бул үчүн бетти күнүнө 3 жолу лимон кесиндиси менен сүртүп, ширесин бетте 5-10 мүнөткө калтыруу керек. Андан соң жылуу суу менен жууп коюу зарыл.

6. Чачты жумшартып, жалтыратабыз

Бул учүн 1 бананды эзип, 1 чоң кашык олив майын кошуп эзебиз. Андан соң ага 2 чоң кашык бал жан 1 чоң кашык кошулмасыз йогурт кошулат. Бардыгын жакшылап аралаштырып, сууланган чачка сүйкөп, полиэтилен пленкасы менен ороп алабыз. 30 мүнөттөн соң масканы жууп салуу керек. Натыйжасы сизди кубантат.

7. Кесилген, шуудураган терини кантип оңдойбуз?

Алоэ ширеси теринин кесилип, кургак кетишинин алдын алат. 100 г алоэ ширесине 3 чоң кашык спирт кошуп, бул лосьон менен бетти жана моюнду сүрөбүз. Күнүгө бетке 10 мүнөттөн калтырып, жууп салып турабыз. Андан соң бетти жууп, крем сүйкөп коебуз.

8. Тырмактарды бекемдейбиз

Колуңуздагы тырмагыңыз сулуу көрүнүшү үчүн лимон менен ванна жасоо жетиштүү. Лимонду тең экиге бөлүп, ар бирине тырмактарды батырып, 15 мүнөткө калтырабыз.

9. Кесилген эриндерди кантип айыктырабыз?

Бирдей өлчөмдөгү камкаймак менен сабиз ширесинен маска жасап, эринге сүйкөп, 10 мүнөттөн соң жууп салабыз.

10. Тиштерди агартуу ыкмасы

Бул үчүн активдештирилген көмүр таблеткасын майдалап, аны колдонуп щетка менен тишти тазалоо керек. Бул үчүн өзүнчө щетка алып коюу шарт.

11. Көздүн алдындагы шишиктерди кетиребиз

1 стакан муздак сүткө 2 пахта тегерекчелерин чылап, анда соң аларды көздүн алдына коюп коебуз. Таасирдүү каражат.

12. Идеалдуу чач жасалгасы

Электрлешип, жабыша берген чачтарды ирээтке келтирүү үчүн колуңузду минерал суусу менен суулап чачыңызды сүрүп койсоңуз болот.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий