• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамлекеттик катчы Алмата шаарында «Казак-Кыргыз-Алаштан» илимий-практикалык конференциясына катышты

Коом 0

Бишкек, 03.12.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 3-декабрда, Казакстан Республикасынын Алмата шаарында «Казак-Кыргыз-Алаштан» эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты.

Конференциянын катышуучуларына кайрылып, Мамлекеттик катчы Эл аралык Түрк академиясы менен Казакстандын Өкмөтүнө кыргыз элинин чыгаан уулдары Жусуп Абдырахманов менен Касым Тыныстановдун быйыл белгиленип жаткан 120 жылдык мааракесине арнап биргелешкен илимий-практикалык иш-чара өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал белгилегендей, кыргыздар менен казактарды бир тил, бир тарых, бир тагдыр байланыштырып турат.

Сүйүнбек Касмамбетов белгилегендей, узак жылдан бери эки элдин биримдиги бузулбай, байланышы үзүлбөй, өз ара алакасы артып, турмуш жүгүн бирге тартып келетат. «Бул илимий-практикалык иш-чаранын өзү дагы — мунун бир мисалы. Биз дагы карт тарых жайыгында кылымдар бою бирге турмуш кечирген боордош элдин урпактары болгонубуз үчүн сыймыктанабыз», — деп, ал кыргыз менен казактан өз тагдырынан журт тагдырын жогору койгон далай-далай эр-азаматтар чыкканын кошумчалады.

«Жусуп Абдрахманов менен Касым Тыныстанов — эл мына ошондой тилегинен жаралган чыныгы эр-азаматтардын бири. Алардын өтөлгөлүү өмүр жолу — кыргыз элинин соӊку тарыхы менен киндиктеш жаралган. Мындай улуу инсандар казак калкында да арбын», — деп Сүйүнбек Касмамбетов, кыргыз жана казак интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн ысымы эки өлкөнүн тарыхына киргенин белгиледи.

Эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов менен Казакстан Республикасынын Мамлекеттик катчысы Крымбек Кушербаев Эл аралык Түрк академиясы тарабынан басылып чыккан бир катар маанилүү эмгектердин бет ачарына катышып, ошондой эле Кыргызстандын чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмерлерлри Жусуп Абдрахмановдун жана Кыргыз Республикасынын түзүлүүсүнө байланышкан архивдик документтер, тарыхый сүрөттөрдүн көргөзмөсүнө катышышты.

Көргөзмөгө Казакстан Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин, Казакстан Республикасынын Президентинин архивинин, ошондой эле Кинематография жана үн жазуу архивинин материалдары коюлду.

Иш-чаралар казак-кыргыз боордоштугун чыңдоого чексиз салым кошкон улуу акын Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына, ошондой эле кыргыз элинин чыгаан уулдары Жусуп Абдрахманов менен Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата уюштурулууда.

Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Арслан Койчиев, Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министри Актоты Райымкулова, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали жана башкалар катышты.

Пикир

Оставить комментарий