• 88.68
  • 95
  • 0.95

Соцтармактарда президенттин жардамчысын дайындоо боюнча тараган маалымат жалган

Президент 0

Бишкек, 03.12.21./Кабар/. Социалдык тармактарда КР президентинин жардамчысын дайындоо боюнча тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Маалымат ылайык, социалдвктармактарда жана өлкөнүн маалымат ресурстарынын биринде кайсы бир Мелис Абдыбаитовду КР президентинин жардамчысы кылып дайындаганы тууралуу маалымат тарады.

«Ушуга байланыштуу бул маалымат чындыкка дал келбестигин жана жалган экенин коомчулукка маалымдоону маанилүү деп эсептейбиз.

Мындай аракеттери менен айрым адамдар коомчулукту адаштырып жатат деп эсептейбиз.

Жаран М.Абдыбаитов мамлекет башчынын жардамчысы да, КР президентинин администрациясынын кызматкери да эмес жана С. Н. Жапаровго эч кандай тиешеси жок.

ЖМКларды жана социалдык тармактардын колдонуучуларын ишенимдүү, расмий тастыкталган маалыматка гана ишенүүнү суранабыз», – деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий