• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

11-15-февралда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 10.02.20. /Кабар/. 11-февралда республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаашы, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

12-февралда жаан-чачын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

13-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

14-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 14-февралда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

15-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий